24.kg
11:00, 26 июля 2019, 24.kg

Жети аймактын соту дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьяларды дайындаган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президентин сайты жазды.

Судьяларды тандоо кеңеши Жогорку сотко бир, Жалал-Абад облустук сотуна — бир, Ош облустук сотуна — үч, Нарын облустук сотуна — эки, Талас облустук сотуна — беш жана Бишкек шаардык сотуна — эки талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизген.

Президент 19-июлда талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешип, жыйынтыгында кошумча берилген материалдарды эске алуу менен жети талапкер боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин сунушуна макул болгон.

Ошентип, Жалал-Абад облустук сотуна Токтосун Жоробеков, Ош облустук сотуна Тарифа Масабирова, Каныбек Пирматов, Талас облустук сотуна Азамат Алдашов, Айнура Иманалиева, Жекшеналы Курманбаев дайындалды. Ал эми Бишкек шаардык сотуна Айнура Маматалиева дайындалды. Жарлыктар кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18