24.kg
17:24, 25 июля 2019, 24.kg

Солтон-Сарыдагы алтын кенинин иши өкмөттүн көзөмөлүндө болот

Солтон-Сарыдагы алтын кенинин иши өкмөттүн көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жайлоодогу эл менен жолугушууда билдирди.
 
Анын айтымында, компаниянын ишинде бир катар бузуулар бар. Алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барышууда.
 
«Бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Алар баарын оңдошот. Эң башкысы компаниянын ишмердүүлүгү адамдарга жана экологияга зыян келтирбеши керек. Компания ишин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Муну биз көзөмөлгө алабыз», — деди биринчи вице-премьер-министр.

hong ji Mining кытай компаниясынын ишиндеги кемчиликтерди жоюу үчүн жарандык топ түзүү сунушталды.

Өкмөттүн маалыматында, суу, топурак текшерилип, курамынан цианид аныкталбаганын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18