Москвадагы чайкоочулук. Атамбаевдин Путин менен сүйлөшкөндөн кийинки сөзү
Кечээ Россиянын президенти Владимир Путин бир сааттай жолугушкан Алмазбек Атамбаев бүгүн гана үн катты. Ал Владимир Путин менен Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү саясий абал боюнча сүйлөшкөнүн билдирди.
Атамбаевдин айтымында, ал Путин менен пикир алышты. Эскерте кетсек, 2017-жылкы шайлоо учурунда Өмүрбек Бабанов Нурсултан Назарбаев менен жолугушкандан кийин саясый рейтинги төмөндөп, Алмазбек Атамбаев да аны сынга алган.
«Башка өлкөнүн лидерлерине өзүңөрдү алдатпагыла. Алардын таттуу тилине кирбегиле», — деп билдирген ал 2017-жылы.
Путин менен аймактагы жана Кыргызстандагы кырдаал боюнча, Кыргызстанга саясый туруктуулуктун зарылдыгы боюнча сүйлөшүптүр. Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев бул бийликти тааныбастыгын айтып, 3-июлда өткөргөн митингде Жогорку Кеңешти таркатуу, өкмөттү кетирүүгө Сооронбай Жээнбековго эки ай убакыт берген. Бир айдан бери анын Кой-Таштагы үйүндө эл топтолуп, ар кандай такталбаган маалыматтар менен бирге, сын-пикирлер айтылууда. Алмазбек Атамбаев өзү акыркы эки айда эле бир нече жолу өлкөнү мыйзамсыздыкка түрткөн билдирүүлөрдү жана кадамдарды жасады. Ал алгач эле курал бар экенин, мамлекеттик орган өкүлдөрү менен атышууга даярдыгын билдирген. Кой-Таштагы үйүндө куралдуу кароол топтолуп, таштар төгүлгөн. Андан сырткары Алмазбек Атамбаев ИИМдин үч жолку чакыруусуна карабай, суракка барбай жүрөт. Ал Жогорку Кеңештин кол тийбестигин алуу боюнча чечимине дагы моюн сунбайт. Акыркы жолу кечээ Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Москвага учуп кетти. «Соттордо калыстык камсыз болуп, атаандаштарды куугунтуктоо токтотулушу керек. Менин тарапташтарым шайлоого кенен-кесири даярданышы керек», — дейт Алмазбек Атамбаев.
Белгилей кетсек, 2016-жылкы конституциялык реформада премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөтүлгөн. Анда Алмазбек Атамбаев бийликти тапшыргандан кийин өкмөттү жетектөөгө кайтып келери, же өз премьер-министри аркылуу өлкөнү башкарып турары айтылган.
Владимир Путин Атамбаев менен жолугушкандан кийин билдирүү жасап, бирок, анда саясый соодалашуу болуп жаткандыгы боюнча кеп козгогон эмес. Ал өзүнүн позициясын Атамбаевге жеткиргенин жана азыркы президенттин айланасына чогулуу керектигин гана айткан.
«Качан Сооронбай Жээнбеков биз күткөн кадамдарга барса, оппозициянын күн тартиби өзгөрөт. Саясый чыңалуу азаят. Биз дагы Кыргызстандын келечегин ойлойбуз», — Путин.
Алмазбек Атамбаев жана аны колдогон КСДП ЖЭБти 380 миллион долларга модернизациялоо боюнча кылмыш ишинин алкагында айып тагылган Сапар Исаков, Айбек Калиевди, «Калыс Ордо» мектебинин курулушу боюнча жемкорлук беренеси менен камалган Кубанычбек Кулматовду жана Албек Ибраимовду саясый туткун деп эсептейт. Булар иштерден өлкөнүн келечегине чоң зыян келтирилген.
Бирок бул талаптар дагы чек эмес. Атамбаев айткан оппозиция качан Жээнбековдун эл үчүн иштегенин көргөндө гана саясый туруктуулукту камсыз кылууга даяр.