24.kg
12:24, 25 июля 2019, 24.kg

Екатеринбургдагы диаспора башчысы Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шектүү кармалды

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысы Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Челябинск облусунан Зарылбек аттуу шектүү кармалып, тергөө аяктаганга чейин камалды. Ал буга чейин тоноо фактысы менен соттолгон.

Маалыматты ырастаган тергөө органдарынын өкүлү Камчыбек Каримовго кол салууну беш киши пландаганын билдирди.

«Алар акчасын алууну гана көздөшкөн. Ошол күнү Каримовдун жанында акча болорун билишкен. Тоноо боюнча беш киши билген», — дейт.

Маалыматта Камчыбек Каримовдун жанындагы 19 миллион рублдун эки эмес, 4 миллионун каракчылар алып кеткени айтылат.

Белгилей кетсек, Камчыбек Каримовду 2-июлда үйүнө жанына атып кетишти. Кол салгандар дароо эле кармалган. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18