24.kg
09:33, 25 июля 2019, 24.kg

Владимир Путин Атамбаевди Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырды

Алмазбек Атамбаев Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Маалыматты Орусия тарап ырастады.

Эки тараптуу жолугушуудан бир да сүрөт жок. kremlin.ru сайты сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча Владимир Путиндин журналисттердин суроосуна жообун гана жарыялады.

Анда Путин Атамбаев менен жолугушуусунда эч кандай сыр жок экендигин айтып, жогорку кызматын калтырып кеткен кесиптештери менен байланышка ачык экендигин билдирди.

«Биз Кыргызстандагы жана аймактагы абал боюнча сүйлөштүк. Мен өз позициямды ага жеткирдим. Кыргызстанды өнөктөш, жакын өлкө деп эсептейм. Өлкө буга чейин жетиштүү, тактап айтканда эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан өткөрдү. Ушуну менен токтоп, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеш керек. Өлкө саястый стабилдүүлүккө муктаж. Баардык күчтөр азыркы президенттин айланасына топтолушу керек», — деди Путин.

Белгилей кетсек, кечээ Алмазбек Атамбаев «Кант» авиабазасы аркылуу Россияга учуп кеткен. Аны аэропорттон жакын досу Андрей Бельянинов тосуп алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18