24.kg
10:58, 24 июля 2019, 24.kg

Кыргызстандык төрт тасма Башкортостандагы фестивалга катышат

Кыргызстандык төрт тасма Башкортостанда өтө турган «Күмүш Акбузат» эл аралык фестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фестиваль 24-27-август күндөрү Башкортостандын борбору Уфа шаарында өтөт. Ага Россиянын 10 субъектисинен жана 10 өлкөдөн 48 тасма катышат. Фестивалга катышуу үчүн Россиянын 34 аймагынан жана 28 өлкөдөн билдирүү келип түшкөн.

Аталган фестивалда Кыргызстандын атынан эки оюн жана эки даректүү тасма ат салышат.

Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы (Россия менен бирге) Этникалык жана улуттук кино бөлүгүндө катышат. Ал эми Бекзат Пирматовдун «Аврора», Азамат Шаршеновдун «Жашоо керемет» жана Ибадылла Ажыбаевдин «Мугалим» тасмалары фестивалдын социалдык жана мотивациялык кино бөлүгүндө көрсөтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18