24.kg
08:56, 24 июля 2019, 24.kg

Тажикстан менен Кыргызстан чек арадагы чатактын себептерин биргеликте иликтейт

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу атайын тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөөчүлөрүнөн турган атайын тергөө тобу түзүлдү.

«Жабырлануучулар сурак берип, соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-балестикалык, соттук-медико криминалистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын вице-премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогунда болуп өткөн окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар окуяны биргелешип иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышты. Мындан тышкары тараптар биргелешип күзөтүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин калкы арасында түшүндүрүү иштерин улантууга макулдашышты.

Эскерте кетсек, 22-июлда кечке жуук Баткен облусунун Баткен районунун Тажикстандын Ворух эксклавы менен кесилишкен аймагында чатак чыгып, ок атышуу болду. Анда кыргызстандан тараптап 14 киши жаракат алды. Анын бешөө жергиликтүү тургун.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18