24.kg
17:39, 23 июля 2019, 24.kg

Тажик айыл башчылары Ак-Сай деп жазылган тактайчаныны ордуна өз желегин илген

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактын себеби айтылды.

Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, Исфара районунун Ворух айылынын өкүлдөрү чек арага жакын жайгашкан жерге Тажикстандын алты даана желегин темирге орнотуп илишкен.

Ал жерде мурда Ак-Сай айылы деп жазылган тактайча турган. ИИБ Ак-Сай айылынын жазуусу качан алынып салынганын тактабайт. Бирок, белгилек кетсек, аталган аймакта чек ара такталган эмес.

Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары 22-июль күнү Тажикстандын желегин алып, айылдын мурдакы жазуусун кайра орнотууга чогулат.

Ортодо нараазычылык чыгып, таш ыргытуу, ок атууга өтөт.

Бүгүн түштөн кийин Тажикстан тарап кайра ок чыгарып, кыргыз чек арачысын жаракат кылды.

Ал эми Тажикстан тарап Кыргызстандын айыптап, Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу алдындагы чагымчылдык катары сыпаттады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18