24.kg
16:27, 23 июля 2019, 24.kg

Тажикстан тарап Исфана-Ош жолун жаап алды

Тажикстан тарап Исфана-Ош жолун жаап алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын маалыматында, бүгүн түштөн кийин Тажикстандын күч структурларынын өкүлдөрү жолду таш менен тосушту.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Бишкектен Лейлекке бара жаткан унаалар жолдон өтө албай топтоло баштады. 

Март айындагы чатакта дагы аталган жол жабылып, Лейлек району блокадада калган. Өкмөт Баткен-Исфана аба каттамын уюштурууга аргасыз болгон.

Эскерте кетсек, 22-июлда кечке жуук Баткен облусунун Баткен районунун Тажикстандын Ворух эксклавы менен кесилишкен аймагында чатак чыгып, ок атышуу болду. Анда кыргызстандан тараптап 14 киши жаракат алды. Анын бешөө жергиликтүү тургун.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18