24.kg
12:25, 23 июля 2019, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасы. 14 жаран Баткен ооруканасына түштү

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан кийин 14 адам ооруканага түштү. Анын тогузу октон жаракат алган.

Ал эми өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү 24.kg агенттигине 15 киши ооруканага жаткарылып, 12и киши ок жаракаты менен ооруканага жаткырылганын маалымдады.

Ооруканага жаткырылгандардын алтоо милиция кызматкери, үчөө октон жарадар болушкан. Үч чек ара кызматкери ок жеп, алардын экөөнө бир нече жолу ок тийген. Беш жергиликтүү тургун дагы октон жаракат алды.

Эскерте кетсек, 22-июлда кечке жуук Баткен облусунун Баткен районунун Тажикстандын Ворух эксклавы менен кесилишкен аймагында чатак чыгып, ок атышуу болгон. Анда бир киши набыт болгону айтылууда.

Баткендин Ак-Сай районунун тургундары Ворух айылынын жашоочуларынын айыл четине байрак илүүсүнө каршы чыгышкан

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18