24.kg
16:16, 22 июля 2019, 24.kg

Маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча сот 7-августта өтөт

«Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча сот 7-августта уланат. Бул тууралуу «Азаттык» маалымдайт.

Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Ашырбаеванын билдирүүсүндө, мамлекеттик айыптоочу сотко Уланбек Эгизбаевдин аялы келип көрсөтмө берүүсүн сурап жатат.

Белгилей кетсек, журналист чөгүп кеткен «Акун» пансионатынын администрациясына иш козголгон. Ал 2018-жылдын ноябрь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Эгизбаев сууга чөгүп каза болгон жана ал эс алган пансионатта коопсуздук эрежелери сакталган эмес» деген тыянакка келген. Кылмыш ишинин негизинде эс алуу жайынын эки кызматкери Кылмыш кодексинин 258-беренеси («Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү») боюнча айыпталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18