24.kg
13:18, 22 июля 2019, 24.kg

Сузакта иниси өлтүргөн өспүрүм кыз психатриялык экспертизадан өтөт

Сузакта иниси өлтүргөн 14 жашар кыз психатриялык экспертизадан өтөт. Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Алардын маалыматында, кыздын психикалык абалы текшерилет. 

Эскерте кетсек, кечээ Сузактын Каңды айылында 11 жашар баланын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү өз үйүнөн табылган. Кийинчерек 14 жашар эжеси көрсөтмө берип, анда кылмышты мойнуна алган.

Өспүрүм кыз берген көрсөтмөсүндө иниси менен ойноп жатып, столго отургузганын, колу-бутун скотч менен байлап туруп бычак менен бир нече жолу сайып жибергенин айткан.

Далил катары алынган кийим-кече, бычак бир туугандар жашаган үйгө таандык экени далилденген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18