24.kg
12:23, 22 июля 2019, 24.kg

«Ак-Мөөр» сулуулук сынагын ак-талаалык чабандын кызы жеңип алды

Айтурнан Аскарова Соң-Көл жайлоосунда өткөн «Ак-Мөөр» сулуулук сынагынын жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдайт.

Маалыматка караганда, Айтурган Аскарова Ак-Талаа районунун Үгүт айылынын тургуну.

«Айтурган жөнөкөй чабандын кызы экен. Апасы менен атасы тоодо болгондуктан кызынын сынакка даярданып жатканын билген эмес. Кызды мектептин директору өзу баш болуп даярдаптыр. Даярдоого атайын актёр, жаш режиссёрлордон турган группа түзүлгөн», — дейт уюштуруучулар.

Айтурган башкы байгени — автомобилди утуп алды.

Сулуулар сынагы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 19-20-июлда «Ак-Мөөр» фестивалынын алкагында өттү. Фестивалда «Улуу кыргыз көчүнүн» көргөзмөсү, «Кыз- жигит сармерден» оюну, этно мода көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк, этно базар, улуттук спорт оюндары болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18