24.kg
11:41, 22 июля 2019, 24.kg

5-6 саат жолду тосуп турабыз. Президентке даттанган милициянын арызы иликтенет

Photo 127388

Президентке кайрылган Чүй облусундагы милиция кызматкерлеринин арызы боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Арыз Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын жеке көзөмөлүнө алынды.

«Коомдук тартип, коомдун жана жеке инсандын коопсуздугунун камсыз кылуу ички иштер кызматкерлеринин милдеттеринин бири. Өлкөнүн жетекчилеринин коопсуздугун камсыз кылууга милиция кызматкерлери 3-4 саатка гана тартылат. Айрым учурларда, өлкөгө жогорку даражадагы коноктор келгенде гана убакыт узарып кетиши мүмкүн. Мындай иш-чарага Бишкек шаарынын, Чүйдүн милициясы тартылат», — дейт аймактык башкармалык.

Чүй облустук милициянын кызматкерлеринин арызы социалдык тармакка жарыяланган. Анда тартип сакчылары негизги иштерин таштап, жолду торуп турууга аргасыз болуп жатканын айтышат.

Милиция кызматкерлерди жолду тосууга расмий уруксат жок экенин белгилеп, Сооронбай Жээнбеков бул эрежени мыйзамдаштырууну, же жокко чыгарууну сунушташат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18