24.kg
11:33, 22 июля 2019, 24.kg

Аракка ууланган алты жашар баланын өлүмү. Шектүү кармалды

Жайыл районундагы алты жашар баланын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алты жашар бала 20-июлда ооруканада көз жумду. Дарыгерлер анын аракка ууланганын ырасташты.

Маалыматка караганда, ага 11-июль күнү арак ичирилген. Баланын апасы өзүнүн жарандык никедеги 60 жаштагы күйөөсү жана 31 жаштагы уулу арак ичип олтурган. Курсагы ачкан 6 жашар бала тамак сураганда ага үйдөгү эркектер помидор карматып, эки рюмка арак ичирүүгө мажбурлашкан. Бала эртеси күнү ооруканага жеткирилген.

«Саламаттыгына оор залакат келтирүү», «Өз жанын кыюуга түртүү» беренелери менен иш козголду.

Укук коргоочулар Жайыл районунун балдардын укугу, коопсуздугун жаатында көйгөйлүү аймак экенин белгилешип, чара кабыл алууну сунушташат.

«Дагы Жайыл району. Райондук ички иштер башкармалыгында бир эле өлүм, кыйноо, кечээ эле жашы жете жеткинчикти зордуктоонун курмандыгы милицияга кире албаганын айтып арызданган», — деп жазды укук коргоочу Назгүл Турдубекова.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18