Улуттук көчмөндөр оюунун Таласта өткөрүүгө даярдык башталды
Оюндардын маданий бөлүгү — этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагына жайгаштырылат. Ал эми спорттук бөлүгү Райкан Алканов атындагы ипподромдо болот.
Учурда Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө.