24.kg
16:51, 19 июля 2019, 24.kg

Бир нече райондордо уурулукка шектүү кармалды

Кадамжайда телефон менен сумканы уурдап кеткен жаран Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

Маалыматка караганда, март айларында Кадайжай шаарында 14 миң 690 сомдук аирподс үлгүсүндөгү наушник, 26 миң 250 сомдук айфон үлгүсүндөгү кол телефон жана сумкадагы кийим кечелер уурдалган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Ош облусунун Өзгөн районунун 1995-жылы туулган Байышбек уулу Жаныбек аттуу жаран экени аныкталып, ага издөө жарыяланган. Ал Кара-Балта шаарынан кармалды.

Милициянын билдирүүсүндө, Байышбек уулу Жаныбек Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондорунда, Ош шаарында дагы бир канча уурулукка шектелүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18