24.kg
16:05, 19 июля 2019, 24.kg

Бир жылда «Түндүк» системасына 60 мамлекеттик орган кошулган

Бир жыл ичинде «Түндүк» системасына 60 мамлекеттик орган кошулган. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева билдирди.

Ал белгилегендей, «Түндүк» системасы аркылуу 24 мамлекеттик орган өз ара маалымат алмаша алат. Ушул жылдын июль айына карата маалымат алмашуулар 1,9 миллионго жеткен.

Анын айтымында, ИИМ, Мамлекеттик каттоо кызматы жана Каржы министрлиги электрондук маалымат алмашууну көбүрөөк колдонот.

Аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Азамат Буржуев белгилегендей, 2019-жылдын аягына чейин 11 маалымкатты алуу автоматташтырылат. Башкача айтканда, маалыматты сураган мамлекеттик орган аны тиешелүү органдан онлайн түрүндө ала алат.

«12-июндан тарта Мамлекеттик сатып алуу порталында салык бересеси жоктугу тууралуу маалымкатты кагаз түрүндө берүү алып салынган. Эми ишкерлер үчүн Салык кызматына баруунун кажети жок. Себеби, ал маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталында автоматтык түрдө Салык кызматынан алууга болот. Аны Мамлекеттик сатып алуулардын сайтындагы сынактарга катышкан бизнестин 43 миң субъекти колдонгон», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18