24.kg
09:15, 19 июля 2019, 24.kg

Өзбекстан Сириядан дагы 177 жаранын кайтарып келет

Өзбекстан Сириядан дагы 177 жаранын кайтарып келүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына шилтеме кылып билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өзбек жарандары «Сириянын Хасека провинциясындагы «Аль-Хол» лагеринде кармалып турушат». Алардын тек-жайы аныкталып, 48и аял, калганы жашы жете элек балдар экени белгилүү.

Быйыл 30-майда атайын авиакаттам менен Сириядан Ташкентке аялдар жана балдардан турган 156 өзбек жараны жеткирилген. Анда бул иш президент Шавкат Мирзиёевдин жеке буйругу менен жүзөгө ашып, ага бир катар өлкөлөр менен эл аралык уюмдар, анын ичинде Кызыл чырым жана ЮНИСЕФ жардам бергени айтылган.

Маалыматтарга караганда, май айында Сириядан алып келинген жарандардын айрымдары соттолсо, калгандары реабилитация борборлоруна жөнөтүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18