24.kg
09:13, 19 июля 2019, 24.kg

Гүлнара Каримова абактан тез жардам менен чыгарылып кетти

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун 10 жылга соттолгон кызы Гүлнара Каримова абактан тез жардам унаасы менен чыгарылып кетти. Бул тууралуу анын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Адвокаттын айтымында, 18-июлда анын Каримова менен жолугушуусуна уруксат берилген эмес. Ал короодо күтүп турган маалда абактан эки тез жардам унаасы чыгып кеткен. Кийинчерээк юрист өз булактарына таянып, алардын биринде Гүлнара Каримова болгонун билдирди.

Июндун аягында адвокат мурдагы президенттин кызынын саламаттыгына тынчсызданып жатканын билдирген. Анда өлкөнүн Юстиция министрлиги Каримованын камактагы шарттарга дооматы жок экенин билдирип, бирок анын оорусу тууралуу эч кандай кабар берген эмес.

2015-жылы августта Ташкент шаардык соту Каримованы «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо» жана «Пара талап кылуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. 2017-жылы атасы каза болгондон кийин ага каршы бир нече экономикалык кылмыштар боюнча дагы бир иш козголуп, 10 жылга соттолгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18