24.kg
16:58, 18 июля 2019, 24.kg

Өзбекстанда Гүлнара Каримованы колдогон ырчыларды ТВдан көрсөтүүгө тыюу салынды

12-июлда Өзбекстандагы Zo’rTV жеке каналы ырчы Жахонгир Позилжонов менен актриса Халима Ибрагимованы эфирден четтеткени белгилүү болду. Алар катышкан бардык рекламалык роликтерди да көрсөтүүгө тыюу салынды.

Телеканалдын кызматкеринин айтымында, мындан тышкары ырчылар Райхон Ганиева менен Зиёда Кобилованын ырлары да эфирден алынган.
Маалыматтарга караганда, көңүл ачуу программаларынын алып баруучулары социалдык түйүндөр аркылуу мурдагы президенттин кызы Гүлнара Каримованы жактагандан кийин эфирден четтетилген.

«Узбекконцерт» мамлекеттик бирикемесинин өкүлү бул чаралар убактылуу болушу мүмкүн экенин айтты.

24-25-июнда өзбек шоу-бизнесинин айрым өкүлдөрү социалдык түйүндөр аркылуу челленж уюштуруп, Гүлнара Каримованы тезирээк бошотууну суранышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18