24.kg
16:32, 18 июля 2019, 24.kg

Нарында мал кырылды. Солтон-Сары жайлоосундагы суу жана топурак текшерилүүдө

Солтон-Сары жайлоосундагы суу жана топурак текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында айлана-чөйрөнү корго жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин директору Абдыкалык Рустамов билдирди.

Ал кытай компаниясы цианид колдонуп жаткандыгы жөнүндө маалыматты четке какты.

«Кытай компаниясы цианил колдонгон жок. Биз кечээ барып, жардыруудан суранып, андан кийин суу жана топурактык үлгүлөрүн алдык. Сууну анализи үч күндөн, топурактыгы эки жумадан кийин чыгат», — деди ал.

Эскерте кетсек, Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда бир короодон 22 козу кырылган. Малчылар аны жакын жердеги алтын кенин иштетүүчү компаниянын ишмердиги менен байланыштырууда. Компания азыр комбинатты куруу ишин баштап, жол салууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18