24.kg
14:48, 17 июля 2019, 24.kg

Депутат Абжалиевдин жол кырсыгына кабылган уулу ооруканадан чыкты

Депутат Алиярбек Абжалиевдин жол кырсыгына кабылган уулу Темирлан Токобеков ооруканадан чыкты. Маалыматты 24.kg агенттигине Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунан ырасташты.

Темирлан Токобековдун мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынгандыгы маалымдалган. Дарыгерлердин айтымында, ага операция жасалган жок. Бирок, негизги жардам көрсөтүлдү. Эми калыбына келүүсү керек.

7-июлда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долонотуу айылында болгон кырсыкта төрт адам каза болгон.

Жолдо «Lexus» жана «BMW Х7» кагылышкан. «Lexus» машинасындагы айдоочу жана жүргүнчүлөрдүн баардыгы көз жумду. «BMW Х7» унаасында Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков эки досу менен болгон. Айрым маалыматтар боюнча, Темирлан Токобеков арткы орунда олтуруп, рулду Элдияр Калмурзаев башкарган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18