24.kg
12:30, 17 июля 2019, 24.kg

Кыргызстанда өтө турчу экинчи тоо жарышына 27 өлкөнүн өкүлдөрү катышат

Кыргызстанда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жардамы менен 17-31-август аралыгында «Silk Road» аталышындагы экинчи тоо жарышы өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Мекеменин билдирүүсүндө айтылгандай, «Silk Road» жарышына 27 өлкөдөн келген 149 велосипедчи катышат.

Катышуучулар Бишкектен Чолпон-Атага чейинки жол узундугу 1 миң 705 чакырым аралыгында жарышат. Жолдун жүрүшүндө Кыргызстандын Соң-Көл, Көл-Суу, Тамга айылы жана Ысык-Көл сыяктуу кооз жерлерин көрүүгө болот.

Башка тоо жарышынан айырмаланып, катышуучуларга суу, тамак-аш, уктоого жер жана башка керектелүүчү нерселер уюштуруучулар тарабынан берилбейт. Ар бир катышуучуга жол көрсөтүү үчүн GPS-трекер жанында болот. Анын жардамы аркылуу көрүүчүлөр атайын картадан ким кайсы жерде экенин көрө алат.

«Жибек жолу» тоо жарышы жыл сайын август айынын акыркы эки жумасында өткөрүлүп турмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18