24.kg
09:11, 17 июля 2019, 24.kg

Бишкекте кореялык медициналык буюмдарды чыгаруучу завод ачылды

Кореялык медициналык буюмдарды өндүрүүчү завод ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, «Би Кей Медикеар» компаниясынын заводунда 50 жумушчу орун түзүлдү. Завод заманбап өндүрүштүк жабдуулардын негизинде жыл сайын ар түрдүү багыттагы 180 миллиондон ашуун медициналык пластырь өндүрүүнү пландаштырууда.

«Би Кей Медикеар» Кыргызстанда өндүрүлгөн медициналык продукцияларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттомокчу.

Өкмөттүн маалыматында, Кыргызстанда дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жылдык көлөмү 12 млрд сомду түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18