24.kg
14:34, 16 июля 2019, 24.kg

Аймактагы чиновниктер санариптештирүү боюнча окуудан өтүүдө

Өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жыл аягына чейин жергиликтүү бийлик органдарынын ишин автоматташтыруу үчүн «Аймак» системасын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, ал системаны «Түндүк» тутумуна кошуу иштери пландалууда.

«Аталган түзүм калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жардам берет. Санариптик мобилдик төлөм кызматын камсыз кылуу үчүн коммерциялык банктар менен биргеликте иштөөдөбүз», — дейт Догоев.

Мындан сырткары ал белгилегендей, дээрлик 4,8 миңге жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкери санариптештирүү боюнча адистикке даярдалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18