24.kg
10:41, 16 июля 2019, 24.kg

Бишкекте велосипед уурдап саткан жаш жигит кармалды

Бишкекте велосипед уурдоого шектелип жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 26-июнь күнү Октябрь райондук милицияга В.Н. аттуу шаар тургуну кайрылып, 25нен 26-июнга караган түнү белгисиз бирөөлөр анын короосуна кирип 4 велосипед уурдап кеткенин айткан. Келтирилген чыгым 100 миң сом болгон.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Уурдоо» катары катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бул ишке катыштыгы бар деп 20 жаштагы М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда ага карата 2 айга № 1 Тергөө абагына камакка алуу чечими чыгарылган.

Милициядан билдиришкендей, шектелүүчүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө ал жарандын дагы ушундай эле беш окуяга катыштыгы бар экени аныкталган. Ошондой ал велосипеддерди кайсы жакка өткөрүп турганы белгилүү болгон.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18