24.kg
09:06, 16 июля 2019, 24.kg

АКШ эми Мексика аркылуу келген мигранттарга башпаанек бербейт

АКШда Юстиция министрлиги жана Ички коопсуздук министрлиги мигранттарга башпаанек берүүнүн жаңы эрежелерин макулдашты. Түштүк чек арада башка өлкөнүн аймагын кесип өтүп келген кишилерге башкалка берилбейт. Өзгөртүүлөр 16-июлдан тарта күчүнө кирери күтүлүүдө.

Федералдык реестрдин сайтында жарыяланган документте «Борбор Америка жана Мексиканы кесип өтүп келген көптөгөн чет элдиктер ал жактан баш паанек сурашпайт, себеби АКШда жашоону каалашат» деп айтылат.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы иммиграциялык сотторго башпаанек берүү боюнча 162 миңден ашуун арыз келип түшкөн. Бул беш жыл мурдагыга салыштырганда 270% көп.

Жекшембиде иммиграция жана бажы полициясы (ICE) мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоо боюнча АКШнын бардык аймактарында рейд жүргүздү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18