24.kg
17:06, 15 июля 2019, 24.kg

Аттестаттагы ката. Басмакананын кызматкери чыгымды төлөдү

Аттестаттагы катаны мамлекеттик «Учкун» ачык акционердик коому мойнуна алды. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйныда басмакананын жетекчиси Даир Кенекеев билдирди.

Анын айтымында, быйыл 11-классты бүтүрүп жаткан 61 миң окуучуга жалпы орто билим жөнүндө аттесттат даярдалып берилди. Ар бир аттестаттын баасы 18 сом 27 тыйын, ажыйынтык бааларынын табелинин баасы — 9 сом.

«Кочкор районундагы Жунушалы кызы Сайнап атындагы орто мектебинин аталышынан кеткен ката боюнча териштирүү болуп, 25 даана аттестат «Учкун» ААКнун персондоштуруу бөлүмү тарабынан кеткендиктен, милдеттүү болгон аталган бөлүмдүн башчысы тарабынан келтирилген 502 сомдук зыян төлөтүлүп, өзү жумуштан бошотулду», — дейт ал.

Даир Кенекеевдин пикиринде, кыргыз тилиндеги мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттагы «жөнүндөгү» сөзүндөгү ката Билим берүү министрлигинин да, басмакананын дагы күнөөсү.

«Н» тамгасынын ордуна «ң» тамгасы жазылып калгандыгын министрликтин дагы, басмакананын дагы жоопту кызматкерлери байкабай калган. Бирок, мындай жазуу документти жараксыз деп эсептөөгө негиз болбогондуктан министрлик тарабынан алмаштыруу маселеси жаралган жок. Ошондой болсо дагы, «Учкун» ААКнун ички тартибине ылайык, өзүнүн милдетин так аткара албаган 3 кызматкерибиз жумуштан бошотулуп, 2 кызматкерибизге тартиптик жаза берилди", — дейт ал.

Анын айтымында, аттестаттардагы катадан «Учкун» басмаканасы тарабынан мамлекетке эч кандай зыян келген жок.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18