24.kg
15:39, 12 июля 2019, 24.kg

Казакстан Кыргызстандын оор жүк ташуучу унааларына тоскоолдук жаратпайт

Казакстан менен Кыргызстан оор жүк ташуучу унааларды чек арадан өткөрүү маселесин талкуулады. бул тууралуу Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолугушуудан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, Казакстан аркылуу үчүнчү өлкөгө жүк ташууларды жөнөкөйлөштүрүү макулдашылды.

«Жүк алып өтүү маселесин дыкат карадык. «Каркыра» өткөрүү бекети аркылуу унаа жана товарларды өткөзүү сүйлөшүлдү. Эмки жылы «Кичи-Капканы» ачабыз. Чолпон-Ата — Алмата жолунун курулушу дагы бир катар долбоорлор талкууланды», — деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, Казакстан Кыргызстандан барган оор жүк ташуучу унааларга бөгөт коюп, бир нече чек арасына киргизбей койгон. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18