09:38, 29 октября 2018, 24.kg

Бир жума аралыгында доллар 25 тыйынга кымбаттады

Бир жума аралыгында доллар 25 тыйынга кымбаттап, 70 сомго жетейин деп калды.

Бүгүн акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар америка валютасын 69,45-69-55 сомдон сатып алып, 69,7-69,75 сомдон сатышууда. Айдын башынан бери доллар 75 тыйынга кымбаттады. Улуттук банк тарабынан номиналдык курс 69,5196 сомду түздү.

Белгилей кетсек, ушундай эле абал сентябрдын башында байкалган. Анда доллардын курсу 69,7 сомго жетип, Улуттук банк валюта базарындагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция өткөргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18