09:01, 29 октября 2018, 24.kg

Сузак районунда таксистти бычактап кеткен киши кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда таксистти бычактап кеткен киши кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүндө 27 жаштагы Авазбек аттуу таксистти Бишкектен жүк күтүп аларын айтып, белгисиз кардар жалдаган. Кылмышка шектүүнү таксист айткан жерине жеткирип, бир аз күтө туралы деген сунушуна макул болгон. Ошол маалда кылмышка шектүү айдоочуну бычак менен 3 жолу сайганга үлгүргөн, бирок жабырлануучу качып кеткенге жетишкен.

Ал эми шектүү Бишкекти көздөй жол тарткан, бирок жол кырсыгына учурап, унааны ошол жерге таштап, окуя болгон жерден качып кеткен. Каракчылык беренесинин алкагында кылмыш иши козголуп, шектүү катары Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылынын 26 жаштагы тургуну кармалды.

Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө окуя болгон күнү акчасы жок курсагы ачып, таксистти алдап, ээн таалага алып барып акчасын алуу максатында ушул ишке баргандыгын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18