Муфтият: баңгизат менен кармалган адам имам эмес
Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы «Өзгөндө баңгизат менен кармалган адам айылдык имам болчу» деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.
Анын айтымында, кармалган адам эч качан имам болуп иштеген эмес жана райондук казыят менен эч кандай байланышы жок.
«Биз Өзгөн райондук хатибиятынан жана башка бардык түзүмдөрдөн тактадык. Баңгизатты алып жүргөн деп кармалган адам эч качан имам болуп иштеген эмес», — деди Максат Атабаев.