16:37, 26 октября 2018, 24.kg

Жактоочу соттон Айбек Калиевди үй камагына чыгарууну өтүндү

Биринчи Май райондук сотунда ЖЭБдеги кырсык боюнча УКМК тарабынан козголгон 4 иштин бирөөсү боюнча соттук угуулар уланып жатат.

Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев баш коргоо чараны өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүндү.

Юристтин айтымында, Айбек Калиев -үй-бүлөсүн жалгыз баккан үй-бүлө мүчөсү. Анын жубайы кош бойлуу, иштей албайт. Мындан тышкары ал көп балалуу ата. Бирок, күнөөлөп жаткан тарап жактоочунун айткандарына каршы чыкты. Айтымында, Айбек Калиев мамлекетке көп миллиондогон чыгаша алып келген, ал өлкөдөн качып кетиши мүмкүн.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18