15:23, 26 октября 2018, 24.kg

Google сексуалдык асылуу айыбы менен 48 кызматкерин жумуштан кетирди

Google компаниясы эки жылда сексуалдык асылуу айыбы менен 48 кызматкерди жумуштан кетирди. Алардын арасында 13 топ-менеджер болгон. Бул тууралуу компания директору Сундар Пичаинин New York Times гезитине жолдогон катында айтылган.

Пичаинин катында Google өз кызматкерлеринин жумуш учурундагы коопсуздугуна өтө олуттуу карай турганы, адепсиз кылык-жоруктар тууралуу түшкөн ар бир арыз иликтенип чыгары айтылган.

Буга чейин New York Times гезити Android операциялык системасын иштеп чыккан Энди Рубин сексуалдык жосунсуз жоруктары үчүн иштен кетип жатып, 90 миллион доллар алганын жазган. Рубин бул айыптоолорду четке кагып, ажырашуу алдында аялы ага жалган жалаа жапканын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18