Кадамжайда 5 кишиге кол салган карышкырдын кутурма менен ооругандыгы аныкталды
Кадамжайда 5 кишиге кол салган карышкырдын кутурма менен ооругандыгы аныкталды. Бул тууралуу Кадамжай райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришти.
Карышкырдын башы Оштогу ветеринардык лабораторияга жиберилип, 24-октябрда жырткыч кутурума менен ооругандыгы аныкталды. Ошол эле күнү райондук администрация тарабынан кутурмага каршы иш-чара өткөрүү тууралуу жарлык чыккан.
Экинчи карышкыр айылдан качып кеткен. Биоресурстарды сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын департаментинин Кадамжай районундагы өкүлчүлүгүнөн мергенчилерге атайын тапшырма берилди. Айыл өкмөт тарабынан кол салган карышкырлардан жаракат алган иттерди атып жок кылуу жана качып кеткен карышкырларды атып өлтүрүү боюнча токтом чыгарылды.