11:10, 26 октября 2018, 24.kg

ЕАЭБ алкагында соодалашуу тууралуу маалымат ЖМКсыз өтө турган болду

Өкмөт депутаттардан ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашууда тоскоолдуктарды жоюу боюнча маселени кароону жабык түрдө талкуулоону суранды. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда өкмөттүн өкулдөрү билдиришти.

Алардын айтымында, айрым маалыматтар ЖМКга жарыяланбашы керек.

«Биз сиздерге толук маалымат берүүгө даярбыз, бирок жалпыга маалымдоо каражаттарына эмес. Ачык айтпай турган жерлер бар, ал ЖМКга тарап кетсе туура эмес болуп калат», -деди вице-премьер-министр Жеңишбек Разаков.

Фракция өкмөттүн доклады ачык болот деген чечим кабыл алды. Ал эми толук маалыматты ЖМКсыз угушат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18