17:20, 25 октября 2018, 24.kg

Жалал-Абадда баңгизатка байланыштуу 2 фактынын бети ачылды

Жалал-Абад ОИИБнын Криминалдык милиция кызматы бир эле учурда баңгизатка байланыштуу 2 фактынын бетин ачышты. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жалпысынан жарым килограммдан ашуун баңгизат алынды.

Жалал-Абаддагы «Бай Эл» базарынын жанынан Сузак районунун 22 жаштагы тургунун текшерген учурда жанынан гашиш табылган. Мындан тышкары Жар-Кыштак айылындагы үйлөрдүн биринен 26 жаштагы үй ээси Лутфилло кагазга оролгон гашишти милиция кызматкерлерине тапшырган. Анын үйүн тинтүү маалында гашиш жана марихуана табылып, соттук-химиялык экспертизага берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18