12:24, 25 октября 2018, 24.kg

Ысык-Көлдө 25 жаштагы жигиттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Ысык-Көл районунда 25 жаштагы жигиттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ОИИнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, кылмыш иши Кара-Дөбө айылынын 25 жаштагы тургунунун Тамчы айылында сабалышы боюнча козголду.

Эске салсак, буга чейин Тамчы айылында 25 жаштагы жигитти айылдаштары катуу музыка уккандыгы үчүн сабашкандыгы маалымдалган. Кийинчерээк окуя диний көз караштан улам чыккан деп айтышкан. Анда жабырлануучунун тиштери талкаланып, баш мээси жабыркаган. Өзүнүн биринчи арызында жабырлануучу сабоо анын диний ишениме байланыштуу болгонун көрсөткөн эмес.



Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18