09:18, 25 октября 2018, 24.kg

Ош шаары Германия менен кызматташтыгын бекемдейт

Ош шаары Германия өкмөтүнүн жардамы менен бир катар долбоорлорду ишке ашырмакчы. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Нурбек Кадыровдун Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен менен жолугушуусунда айтылды.

Нурбек Кадыров эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, маданий жана достук байланыштары күн санап бекемделип жаткандыгын белгилеп, Ош шаарында Германия өлкөсүнүн жардамы менен ишке ашкан добоорлор жөнүндө сөз кылды.

«Ош шаары өзүнүн тарыхый-географиялык өзгөчөлүктөрү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен Кыргызстандагы негизги шаар экендигинен кабарыбыз бар. Менин негизги максаттарымдын бири Кыргызстандын аймактарын кыдырып, кыргыз маданияты менен жакындан таанышуу. Ош шаарына болгон сапарыбыздын алкагында шаардагы мектептерге жана ОшМУга атайын чакыруу менен барып, ал жактагы окуучулардын, студенттердин немец тилине, маданиятына кызыгуусун көрүп абдан кубандык. Учурда 500дөн ашуун Кыргызстандык студенттер Германиянын жогорку окуу жайларында билим алышат», — деди Моника Иверсен.

Мындан сырткары, эки өлкө шаарларынын ар тараптуу кызматташтыгы, саясий, социалдык жана экономикалык мамилелери тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18