15:38, 24 октября 2018, 24.kg

Баткенде жерге жашырылган унаа казылып алынды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Боз айылына жакын аймакта жерге жашырылган унаа казылып алынды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, унааны УКМКнын Баткендеги башкармалыгынын өкүлдөрү табышкан. Алар кылмышка шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө таянып унааны издей башташкан. Жыйынтыгында Боз айылына жакын жерден жерге жашырылган Ford үлгүсүндөгү унааны таап чыгышты.

УКМКнын билдирүүсүндө, 2015-жылы террордук уюмдарга жардам берип жүргөн кылмыштуу топ бай адамдарга кол салып, тоноп жүргөн. Топтолгон акча Сирияга жөнөтүлүп турган. Изин жашыруу үчүн алар кол салууда колдонуп жүргөн унаасын көмүп коюш.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18