11:26, 24 октября 2018, 24.kg

Эч кандай креатив жок. Айыл чарба министрлиги жеме укту

Парламентте Айыл чарба министрлигин сындап жатышат. Депутаттар «Үрөндөр тууралуу» Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карашууда. Демилгечилер Кыргызстанга буудайды алып келүүнү жөнгө салууну сунушташты.

Тазабек Икрамовдун айтымында, кеп буудайда эмес, кеп министрликтин өзүндө. Аталган ведомствонун өкүлдөрү суроолорго так жооп бере алышпай, агрардык тармактын абалы ыйлагыдай болуп калган. 

«Мен Айыл чарба министрлигин колго алыш керек деп канча айттым. Ар дайым жеме угушат. Силердин араңарда координация жоктой. Эч кандай креатив жок, ал жакта жалаң пенсионерлер иштешет болуш керек», -деди Тазабек Икрамов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18