11:11, 24 октября 2018, 24.kg

Каза болгон Маматназар Жакыпбаевдин туугандары окуянын күбөлөрүн издеп жатышат

«Кыргызаэронавигация» ишканасынын башкы директорунун каза болгон орун басары Маматназар Жакыпбаевдин туугандары жол кырсыгына жана жаңжалга күбө болгондордон окуя тууралуу пикирлерин билдирүүнү суранышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине каза болгон жарандын уулу Азирет Жакыпбаев билдирди.
 
Айтымында, атасынын өлүмүнө шектүү 2 жаран 2 айга камакка алынды. Кармалагандардын туугандары Маматназар Жакыпбаев өзү кулап кетип, бордюрга башы тийип каза болду дешүүдө.
 

«Чындыгында окуя андай болгон эмес, жол кырсыгында атамдын күнөөсү жок. Окуя болгондон кийин атам унаадан чыгып күнөөлүүнүн жанына басып барган. Экинчиси апамды алаксытып жатканда, ал атамды уруп жиберген. Экспертиза атамдын башында жаракаттын изи бар экенин көрсөттү. Ал тургай атамды согуп жибергенин көргөн күбөлөр дагы бар. Соттун чечими адилетүү болуш үчүн, окуянын күбөлөрүн табуу биз үчүн маанилүү», -деди ал.

Маматназар Жакыпбаевдин уулу күбөлөр төмөнкү номурларга байланышса боло тургандыгын билдирди:

0555029002 , WhatsApp +36203493030 , zhakypbaev@gmail.com.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18