14:47, 23 октября 2018, 24.kg

Бишкекте саясий-коомдук күчтөрдүн курултайы өтөт

Курултай 24-ноябрга белгиленгенин иш-чараны уюштуруу боюнча демилгечи топтун өкүлү Равшан Жээнбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Бишкекте бир нече саясатчылар, жарандык коом өкүлдөрү кеңешип, курултай өткөрүүнү макулдашты.

«Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» аттуу курултайда өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал талкууга алынат.

«Жаңы бийликтин ийгиликтерине да, кемчиликтерине да баарыбыз чогуу күбө болуудабыз. Өлкөдө жеткиликтүү деңгээлде сөз жана эркин жыйын өткөрүү эркиндиги пайда болду. Ошону менен бирге өлкө экономикалык кыйынчылыка, саясий карама-каршылыктарга багыт алгандай. Ушул маселелерди талкуулоо максатында курултай өткөрүлөт» деп жазылган демилгечи топ тараткан маалыматта.

Жыйындын күн тартиби жана катышуучулардын курамы жакын арада жарыялана турганы айтылды. Демилгечи топтун курамында саясатчылар Равшан Жээнбеков, Элмира Ибраимова, жарандык активисттер Рита Карасартова, Адил Турдукулов жана башкалар бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18