14:45, 23 октября 2018, 24.kg

Элчиликтеги жемкорлук. Казакстандын Өзбекстандагы элчиси ишинен четтетилди

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн Өзбекстандагы элчиси Ерик Утембаевди кызматынан убактылуу алуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Акордонун сайты жазды.

«Мамлекет башчынын жарлыгы менен Утембаев Ерик Мылтыкбаевич Казакстандын Өзбекстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан убактылуу четтетилди», — деп жазылган билдирүүдө.

Өткөн жумада Казакстандын Мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин расмий өкүлү Жанна Бастарова өлкөнүн Өзбекстандагы элчиси бюджеттен ири өлчөмдө акча уурдаган деп шектелип жатканын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18