09:12, 23 октября 2018, 24.kg

Токко урунуп колунан ажыраган жоокерге протез качан салынаары белгисиз

Токко урунуп 2 колунан тең ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевге протездер качан салынаары чечиле элек. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореялык дарыгер жоокерди карап чыгып, протезди качан сала турганын айтат. Башкы штаб бир гана электрдик протезди алуу боюнча макулдашкан. Экинчисин алууга сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Дарыгер Түркияда, жакында келип жабырлануучуну карашы керек. Балким, дагы бир операция жасалып, териси алмаштырылат. Протезди нервдик түйүндөргө тийгизбей салуу керек», -деди Башкы штабдан.

Эске салсак, токко урунган жоокердин 2 колун кесүүгө туура келген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18