Анжиянда жетекчиликтин буйругу менен терилген пахтанын арасына кум кошулууда
Анжиян облусунун Боз районундагы пахта кабыл алуу жайларында салмагын көбөйтүү үчүн чогулган пахтанын арасына кум салынган каптар кошулууда. Мындай буйрукту райондун башчысы бергени айтылууда.
«Биз бул тууралуу жетекчиликке кабарладык. Бирок алар буга кийлигишпестен өз ишибизди кылышыбыз керектигин айтышты. Жетекчиликтин билдиргенине караганда, кум салынган каптар Боз районунун башчысынын буйругу менен жасалууда. Ал мындай кадамга район көп пахта тапшырганын көрсөтүү жана облус башчысынан тил укпоо үчүн барганы айтылды. Бул тууралуу милиция кызматкерлери менен текшерүү органдарына дагы маалым», — деди ал.
Анын айткандарын башка кесиптештери дагы ырасташты. Аталган райондогу пахта тазалоо заводунун алдындагы кабыл алуу жайынын жетекчиси короого кум толуп кеткенин билдирди. «Бул боюнча аткаминер менен милицияга эч ким нааразылык билдире албайт. Эртең мунун баары ачыкка чыгат. Ошондо пахта кабыл алуу жайларынын жетекчилери күнөөлүү болуп, район башчысы менен милиция жетекчиси кургак чыгышат. Анткени алар мындай буйруктарды оозеки түрдө беришет», — деди ал.