17:09, 22 октября 2018, 24.kg

УКМК: Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаеванын күзөтчүлөрүнүн саны бирдей

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаеванын күзөтчүлөрүнүн саны бирдей. Бул тууралуу 24.kg агенттигине УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында Алмазбек Атамбаевдин күзөтчүлөрүнүн саны кыскартылган. КСДП фракциясынын өкүлүнүн маалыматы чындыкка коошпойт.

Андан кийин күзөтчүлөрдү кыскартышкан эмес. Өлкөнүн мурунку башчыларынын күзөтчүлөрүнүн саны бирдей. Коопсуздук кызыкчылыгы үчүн УКМК алардын так санын айтпайт.

Эске салсак, буга чейин аталган фракциянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик күзөт штатын кыскартышты деп билдирген болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18