5-6-класстардын табият таануу жана география китептери кайрадан оңдолот
5-6-класстардын табият таануу жана география китептери кайрадан оңдолуп басылып чыгат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов билдирди.
Буга чейин аталган китептерде грамматикалык жана мазмундуу каталар табылгандыгы маалымдалган.
Китептерди кайра басып чыгаруу «Билим компьютер» басмаканасынын эсебинен жүргүзүлөт. Ал эми жаңы китептер даяр болгонго чейин, эски китептер мектептерден чогултулбайт.