15:52, 22 октября 2018, 24.kg

Бишкекте бокс боюнча чемпиондор аныкталды

Бишкектеги «Челленджер» залында 18-21-октябрь күндөрү бокс боюнча эркектер арасында шаардын чемпионаты өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мелдештин башкы катчысы Айнура Сыдыкова билдирди.

Мелдештин башкы максаты- алдыда боло турган Кыргызстандын чемпионатына катышуу үчүн курама команданы толуктоо болду. Рингге 69 мушкер чыкты. 

52 килограмм салсам ченинде Туркбай уулу Мирлан, 57 килограмм салмак ченинде Жаныбек Мусаев, 63 килограмм салмак ченинде Кадырбек уулу Арген мыкты аталышты. Ошондой эле 69 килограмм салмакта Дамирдин уулу Данияр, 75 килограмм салмакта Бекжигит уулу Өмүрбек, 81 килограмм салмакта Адылбек уулу Эркин, 91 килограмм салмакта Токтосун уулу Бекболсун жана 91 килограммадан жогору салмакта Сталбек Карасартов артыкчылык көрсөтүштү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18